
Бүгүн, 17-сентябрь күнү Ысык-Көл облусунун Каракол шаарына жакын жерде жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.
"Жер титирөө саат 04:07де катталган. Жер титирөөнүн очогу Күнгөй Ала-Тоо кырка тоосунун түндүк капталында, Талды-Суу айылынан 22 чакырым түндүк-чыгыш, Каракол шаарынан 56 чакырым түндүк-чыгышта жайгашкан. Калктуу конуштарда жер титирөөнүн күчү сезилген эмес", - деп билдиришти Сейсмология институтунан.