Биз социалдык тармакта

Ошто "Өзгөн Мунара-2021" аталышындагы этно-фольклордук фестивалы өтүүдө (сүрөт)

Бүгүн, 17-сентябрда Ош облусунун Өзгөн шаарында эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арналган этно-фольклордук фестиваль өтүүдө. Бул тууралуу Өзгөн райондук администрациясынан кабарлашты.

Фестивалдын максаты - элдин руханий жана маданий өнүгүүсүнө салым кошуу, тарыхый мурастарды даңазалоо жана жайылтуу.

Фестивалдын жүрүшү саат 10:00дө башталып, анда манасчылар, төкмө акындар, дастанчылар, ырчылар өз өнөрлөрүн тартуулашты. Мындан тышкары кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү, палоо басуу сынактары, сүрөт көргөзмөсү жана жарманке уюштурулду.

Ошондой эле фестиваль чоң программадагы концерт менен жыйынтыкталат.

Белгилей кетсек, Өзгөн мунарасы XI-XII кылымдарда Карахандар доорунда курулган жана үч мавзолейден турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nargiz-sa
2021-09-17 20:43:16
Фестивалдын башкы максаты келе жаткан шайлоого даярдануу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан