Кыргыз-Кытай чек арасы 19-сентябрдан 21-сентябрга чейин жабылат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Кытайда "Күздүн орто чени" майрамынын белгилениши себеп болууда.
"Кыргыз-Кытай чек арасындагы "Торугарт" менен "Эркеч-Там" көзөмөл өткөрүү бекеттери транспорт жана жүк алып өткөндөр үчүн убактылуу жабылат. 22-сентябрдан баштап чек ара пункттары санитардык алгоритм менен иштеп баштайт", - деп жазылат маалыматта.