Биз социалдык тармакта

Балбан бир туугандар Мээрим менен Сезим Жуманазаровалардын бата алуу тою өттү

Бир тууган балбан кыздар Мээрим жана Сезим Жуманазаровалардын бата алуу тою борбордогу тойканалардын биринде өттү. Иш-чарага балбан кыздардын жакындары, шоу-бизнестин айрым өкүлдөрү катышты.

Тойдун ачылышында бир туугандарды залга Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлзада Рыскулова алып кирди. Ал эми алып баруучулук милдетти Канат Шабданбек аркалады. Ал эми Мээрим Жуманазарова килемге чыккан күнү беттешти көрүп, андан таасирленип ыр жазган Эмил Балтагулов дагы тойдун коногу болуп, автордук чыгармасын аткарды.

Буга чейин "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарында эркин күрөш боюнча коло медалдын ээси Мээрим Жуманазарова жана сиңдиси Сезим Жуманазаровага бата алуу тою өтөрү маалым болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
assanov97
2021-09-20 11:19:16
Мээрим бир туугандарына окшобойт экен
+4
assanov97
2021-09-20 11:19:24
Синдиси сулуу экен
+3
Dftyhbv
2021-09-20 13:10:31
Бул сулуулардын кулкулору эле жарашат экен
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан