Биз социалдык тармакта

Бишкек мэриясы заманбап унаа токтотуучу жайларды курууну пландоодо

Бишкек мэриясы шаардагы унаа токтотуучу жайлардын заманбап системасын түзүп чыгууну пландоодо. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, келечекте аппараттык-программалык жабдыктар менен жабдылган заманбап унаа токтотуучу жайларды куруу демилгеси көтөрүлдү. Бул нерсе шаардагы унаа токтотуу жайларындагы тартипти иретке келтирүүгө жана унаа токтотуучу жайлардагы адамдардын иш-аракетин минималдаштырууга багытталган.

Аталган демилгени биринчи кезекте шаардагы көчөлөрдө, базарларда, сейил бактардын айланасында жана эл көп чогулган жерлерде ишке ашыруу пландалып жатканы айтылды.

Ал эми бул демилгени ишке ашыруу үчүн Бишкек мэриясында жумушчу топ түзүлүп жатканы маалымдалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан