Экоактивист жана сүрөтчү Влад Ушаков Орто-Токой суу сактагычын тарткан сүрөттөрүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялады. Анда сүрөтчү аталган суу сактагычтын кыскача тарыхын кошо жазып калтырган.
"Орто-Токой суу сактагычы Нарын облусу менен Ысык-Көл облусунун чектешкен аймакта жайгашкан. Суу сактагычта 1941-жылы курулуш иштери башталып, 1960-жылы аяктаган. Деңиз деңгээлинен 1700 метр бийиктикте. Чүй суусунун агымын жөнгө салып турат.
Андагы суу 120 миң гектар айыл чарба жерлерин сугаруу үчүн колдонулат", - деп жазып калтырган Ушаков.
Социалдык тармактын колдонуучулары жогорудагы сүрөттөрдү баракчаларында бөлүшүп, Орто-Токойдо суунун көлөмү азайып кеткендигин жазышууда.