Биз социалдык тармакта

200 миң сом өлчөмүндө. Кыргыз-Тажик чек ара чырында жабыр тарткан 76 ишкерге жеңилдетилген насыя берилет

Баткен облусунда 28-30-апрелде орун алган чек ара чырында жабыр тарткан ишкерлерге жеңилдетилген насыя берилет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында белгилүү болду.

"Министрлер кабинети тарабынан жеңилдетилген насыя тууралуу токтом кабыл алынган. 28-30-апрелде болгон Кыргыз-Тажик чек ара чырында 76 ишкер жабыр тарткан. Аларга 200 миң сомдон жеңилдетилген насыя берүү маселеси каралган. Анын негизинде 15 миллион 200 миң сом бөлүнгөн.

Жабыр тарткан ишкерлерге эң аз 0,1 пайызды 1 жылга коюп бердик", - деп билдирди экономика жана финансы министринин орун басары Данияр Амангелдиев.

Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында жогорудагы маселе жактырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан