Курманбек Бакиевдин иниси Адылбек Бакиевдин кызы белгилүү түрк саясатчысына келин болду. Бул тууралуу түрк басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Алмаш Бакиева Илтериш Эргун аттуу түрк улутундагы жигитке турмушка чыккан. Илтериш Эргундун атасы Метин Эргун Түркиядагы таанымал саясатчылардын бири. Үлпөт тойго белгилүү түрк саясатчылары конок катары чакырылганы жазылат маалыматта.