Биз социалдык тармакта

Кыргыз жараны Гүлбара Алдаярова Түркияда коронавирус менен ооруп, акчасы жоктугунан ооруканада күрөөдө жатат

Ысык-Көл облусунун Бостери айылынын тургуну Гүлбара Алдаярова Түркияда коронавирус менен ооруп, акчасы жоктугунан улам ооруканада күрөөдө жатат. Бул тууралуу "Кайрымдуу бол" фондунун жетекчиси Азамат Байматов SUPER.KG порталына билдирди.

"Гүлбара Алдаярова аттуу мекендешибиз 2 жыл мурда Түркиянын Эскишехир шаарына жумуш издеп барып, ушул жылдын август айында коронавирус илдетине чалдыгып, "Тез жардам" кызматы менен ооруканага түшүп, 13 күн дарылануудан өтүптүр. Андан соң 13 күндүк дарылануу үчүн оорукана андан 20 миң доллар төлөө керектигин, болбосо күрөөгө калып, ал турсун күнүнө эки эседен кошулуп турарын айтыптыр. Гүлбара Алдаярова өзү жалгыз бой эне экен, күйөөсү каза болуп калган, улуу баласы сүйлөбөйт, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген. Ошондой эле үйү жок, балдары батирде экендигин сиңдиси айтты. Мекендешибиз азыр кайрымдуу адамдардын жардамына муктаж болуп турган чагы", - дейт Байматов.

Жардам берүүнү каалагандар төмөнкү номерлерге кайрылса болот:

+90 552 287 13 85 Гүлбара Алдаярованын эжеси (Түркия);

0708 95 25 31 Элмира Алдаярова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
boston___
2021-09-21 17:13:31
Элчилик посольство карап жардам берсе болотко суйлошуп
0
aliya-leyla
2021-09-22 09:03:03
элчилик эмне кылып атат? жарандардан кабар албайбы? тем более больницага тушуп калгандар болсо кабары болуш кк го.
0
Mister-XXX
2021-09-22 18:16:22
13 күн дарыланганга 20 миң доллар?Өтө эле кымбат эмеспи.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан