Эртең, 21-сентябрда өлкө аймагында жаан-чачын жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 11...16, күндүз 26...31,
Чүй облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 22...27,
Талас облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 18...23,
Нарын облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 20...25,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 19...24,
Бишкек шаарында түнкүсүн 9…11, күндүз 24…26°.