Бишкектеги "Фрунзе" заводунун аймагында жардыруучу зат табылган жок. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Жалган чалуу фактысы Ленин РИИБинде катталып, чогултулган материалдар УКМКга өткөрүп берилет", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарындагы мурдагы "Фрунзе" заводунда бомба бар делинип, жарандар коопсуз жайга эвакуацияланган. Милиция кызматына бомба тууралуу билдирүү бүгүн, 20-сентябрда саат 14:50 чамасында түшкөн.