Орусияда 17-сентябрдан 19-сентябрга чейин VIII чакырылыштын Мамлекеттик Думасына шайлоо өттү. Кыргыз өлкөсүнөн шайлоого 3 миң 109 Орус жараны катышты. Бул туурасында Орусиянын Кыргыз жергесиндеги элчилигинен кабарлашты.
Мамлекеттик Думанын шайлоого карата Орусиянын Бишкектеги элчилигинде, Ош шаарындагы башкы консулдукта, Кант жана Каракол шаарларындагы аскер бөлүктөрүндө добуш берүүчү жайлар ачылган.
Белгилей кетсек, депутаттык мандат үчүн 14 саясий партия ат салышты. Алардын ичинен эки партия Думага шайлоого биринчи жолу талапкерлигин көрсөтүштү.