Биз социалдык тармакта

Туйгунаалы Абдраимов УКМК тапкан байлыгы тууралуу: "63 жашымда селсаяк болбойм да"

Мыйзамсыз баюуга шектелип УКМК тарабынан кармалган өкмөттүн Чүй облусундагы мурдагы өкүлү Туйгунаалы Абдраимов өзүнө тагылып жаткан айыптар боюнча комментарий берди.

"Мен өзүм таң калдым, мынча мүлктү кайдан алдым? Акыркы 20 жылдан бери ишкерлик менен алектенип, мамлекеттик кызматта иштедим. Акыркы беш жылдан бери мен ишкерлик менен гана алекмин. Мага эмне себептен мынчалык көңүл буруп жатканына таң калып жатам. Менде 2005-жылдан бери конок үйү жана мал багуучу жай бар. Эгерде мен 63 жашымда буларды иштеп таппасам анда кызык болмок. 1995-жылы Көк-Жардагы кичинекей үй сатып алынган, 2000-жылдардын башында досторум Ивановкадагы "Кайнар" ЖАКсын беришкен. Ивановканын жашоочулары муну билишет. Менин чоңойгон балдарым бар, алар кадимки батирлерде жашашат. Мен "Ысык-Ата" пансионатына реабилитациялык борбор куруп жатам, 400 миң доллар насыя алгам", - деп билдирген Vesti.kg сайтына Абдраимов.

Андан тышкары, ал мунун баары экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары менен тыгыз байланышта болгондугуна жана Кой-Таштагы экс-президенттин туулган күнүнө арналган сөзүнө байланыштуу болушу мүмкүн экенин айткан.

"Кой-Таштагы сөз укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин чечкиндүү аракеттерине таасирин тийгизди. Мен 16 батирди жана 16 унааны кайдан алдым? Бир нече батирлер бар. Мен селсаяк болбойм да. Эч бир объект муляж катары катталган эмес. УКМК пресс-релизин туура эмес жазып, баарын адаштырды", - деген Туйгунаалы Абдраимов.

Кечээ, 20-сентябрда УКМК Туйгунаалы Абдраимовдун мыйзамсыз баюуга шектелип кармалганын билдирген. Кийинчерээк УКМК анын мүлктөрүн жарыялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Dembele84
2021-09-21 11:47:48
Жегич
+11
Senator
2021-09-21 11:56:53
Алдап атат афиристь чал,горуно алып кетесинби? пайгамбар жашка келсенда акыл кирбеген экенда,
+12
al-abu-kinesz
2021-09-21 11:56:55
Ууру тойгончо жеп олгончо карганат...
+13
Uli6886
2021-09-21 12:45:56
Бирок бунун айтканы деле бир жагынан чындыкда 63 жашка чыкканга чейин малдар жылына бирден тууганда деле кыйла акча болот. Анын устуно кредит алып бизнес кылгандыр, балдары деле кыймылдаса кк жеп жата бербей.
-11
Kamchy-bek
2021-09-21 12:59:36
Кебетеси жакпайт да ушунун...
+12
bond02
2021-09-21 13:16:06
Мен бул кишини жактабайм, бирок азыр мындан жаш омур бою мамлекетте иштеген чиновник депутатты текшерсе башынан ашкан байлыгы чыгат.
+6
Tursunbaev1978
2021-09-21 17:04:13
АША экөөнүн жакшы достору бар экен белек кыла турган,азыркы заманда андай досту таппай калдыңго,пара катары берген десең туура болмок
+4
O.dembele
2021-09-21 19:28:01
Туйгунсулуубу?
+5
KaGaH
2021-09-21 21:10:31
Дед Хасан да ушинтип жооп Берген эле менттерге,50 лет стажа не смогу же быт в рабочим в депо деп))
0
Antiradikal3
2021-09-21 22:25:36
Бир нерсе десе эле бизнесим бар деп кутулушат. Эмне, бизнес баштаса эле акча жаайт бекен? Чондордун бизнеси креслосунун арты менен ийгиликтуу болуп келгени калппы же? Ар кандай тендерде чондордун фирмалары утту болот. Аны да билбей кала тургансып тууган уругу,подставной лицолорго каттатышат.

Жегени чуйгун тамак болсо, бул кишинин бешене тер менен тапканы уй алганы эмес, оз курсагына да жетмек эмес. Белгилуу да, ал байлыктар кантип келгени... Ууру тойгуча жеп олгучо карганат.
+2
Egizderim-baktim
2021-09-22 01:27:34
Мен да жакындарымдан алыста, балдарымды корбой Россияда иштей берейинчи азыр 30жаштамын дагы 30жылдан кийин ушундай байып кетээрмин. Балдарым мени корбой 40жашка чыгып калышат
+3
Mister-XXX
2021-09-22 19:26:46
Абсамат Масалиев мамлекеттик кызматта иштеп,Кыргызстанды башкарып жүрүп өзүндө жепирейген жер тамы гана болгон.Исанов премьер министр болуп иштеп,атасынан калган үйү гана болгон.Башка эч кандай мүлкү болгон эмес.Анан эле азыркы чиновниктер эл үчүн иштеп жатабыз деп,байлыктары көбөйүп жатканы баарыбызга белгилүү.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан