Биз социалдык тармакта

Айрым авиакомпаниялар авиабилеттерди кайра сатуу менен алектенет. Алардын аты аталды

Өлкөдө жүргүнчүлөргө авиабилеттерди кайра сатуу менен чет өлкөлүк төрт авиакомпания алектенет. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинин директору Александр Настаев парламенттин транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Настаевдин айтымында, чет өлкөлүк төрт компания, тагыраагы Орусиянын "Аэрофлот", "Урал авиалиниялары" "Сибирь" жана Казакстандын "Air Astana" компаниялары билетти кайра сатуу менен алектенет. Бул коронавирус пандемиясы учурунда киргизилген. Александр Настаев Казакстан менен Орусиянын авиация кызматына кат түрүндө кайрылып, жооп алуу боюнча иштер жүрүп жатканын кошумчалады.

Мындан тышкары, ал акыркы эки жылда өлкөдө билет баасынын башаламан жана негизсиз көтөрүлүшү байкалганын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
SHaidulda
2021-09-21 13:30:42
Кайра сатканы не тушундурот
0
Datka7777
2021-09-21 13:39:34
SHaidulda,возврат болгон билеттерди оз баасында эмес жогорку баада сатышат
0
Antiradikal3
2021-09-21 23:05:24
Пандемияга чейин Ош-Москва, Бишкек-Москва каттамына билеттердин баасы орточо 10-15 мин болуучу. 18-20 минге чанда гана чыкчу. Азыр болсо билет баалары орточо 30-40 мин сом. Эмнеге кымбат? Биздин Окмот ушул маселени чече албай эшек такалап отурабы? Болбосо ошол Аэрофлот, Урал, S7 авиакомпанияларынын ордуна Кыргызстандын авиакомпаниясы ташысын жургунчулорду. 15-20 минден ташыганда да ошончо пайда калат ар рейсинен.....
-1
Mister-XXX
2021-09-22 19:12:32
Antiradikal3,Пандемияга чейин поезд,автобус каттачу.Андан сырткары өзүнүн жеке машиналары менен Кыргызстанга келип кетчу.Мен азыр үй бүлөмдү машина менен эле алып бармакмын.Чек аралар жабык болгону үчүн,айласыз самолет менен каттап жатам.Келинчегим,үч уулум менен көп акча сарпталып жатат.Машина менен барсам бензинге,жолдо ичип жегенибизге эле акча кетмек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан