"Бүгүн, 21-сентябрда Пермь шаарынан Ош шаарына учушубуз керек болчу, бирок Ош эл аралык аэропорту кабыл алууга даяр эмес деп кармап жатышат. Балалуулар күтүү залында ачка отурушат. Жалпы 173 адам күтүп жатабыз. Эмнеге уруксат бербей жатканын тактап бериңиздерчи сураныч", - деп SUPER.KG порталына окурман кайрылган. Бул боюнча "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматына байланышып бул маселени тактап көрдүк.
"Ош эл аралык аэропорту штаттык режимде иштеп жатат. Бардык учактар учуп, конууда. Бул маселени авиакомпаниядан такташ керек. Кээде авиакомпаниялар өздөрү кармап, аэропортко шылтап койгон учурлар болот", - деп билдиришти.