Биз социалдык тармакта

ЖЭБ иши боюнча эркинен ажыратылган Жантөрө Сатыбалдиевдин апелляциялык арызы канааттандырылган жок

Бүгүн, 21-сентябрда Жогорку Сот мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин апелляциялык арызын канааттандырган жок. Бул туурасында Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, Жантөрө Сатыбалдиев ЖЭБди модернизациялоо боюнча коюлган айыптарды кайра карап чыгуу боюнча арыз берген. Сот анын жаңы жагдайлар боюнча өтүнүчүн канааттандыруусуз калтырды.

Эске салсак, Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу коррупция боюнча иш буга чейин эки инстанцияда, ал эми 2020-жылдын 22-июнунда Жогорку Сотто каралып, чечим чыгарылган. Ага ылайык Жантөрө Сатыбалдиев Бишкек ЖЭБин модернизациялоо иши боюнча соттолуп, 7 жыл 6 айга эркинен ажыратылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан