Биз социалдык тармакта

"Манас" эл аралык аэропорту 2 миллион сомго чукул каражатка курал жана ок-дарыларды сатып алат

"Манас" эл аралык аэропорту 1 миллион 896 миң 900 сомго курал жана ок-дарыларды сатып алууну көздөп жатат. Мындай маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланды.

Маалыматка ылайык, акционердик коом өз сайтында 2 пневматикалык тапанча, Байкал МП-71 үлгүсүндөгү 50 тапанчаны жана 5,6 миллиметр калибрлүү 2 сигналдык револьверди сатып алууга тендер жарыялаган.

"Мындан тышкары аэропорт 3000 сигналдык патрон, 30 даана 4,5 миллиметрдик калибрдеги ок, ок атуучу аңчылык багыттагы патрондорду жана пневматикалык тапанчалар үчүн эки аба насосун сатып алат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Antiradikal3
2021-09-21 22:03:00
Эптеп эле акча чачуунун, ошол акчалардан чонтокко иштеп калуунун амалы.....

Мектеп кургула, бала бакча кургула десе казынада акча жок деп кутулушат. Анан мындай кереги жок нерселерге канча акча болсо да табылат казынада......
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан