Өлкөдө такси кызматын жүргүзгөн "Яндекс" компаниясы өзүнүн өкүлчүлүгүн ачып, мамлекетке салык төлөбөсө тез арада ишине чектөө коюш керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин жыйынында билдирди.
Жыйында Кыргыз өлкөсүндө салык төлөбөстөн такси кызматын жүргүзүп жаткан чет элдик "Яндекс" компаниясына чара көрүү иши боюнча суроо узатылган.
Буга санариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоев жооп берип, компания менен сүйлөшүүлөр ишке ашканын жана компания мындан ары электрондук патенти жок айдоочуларды тиркемесине каттабай турганын билдиргенин айткан.
Ал эми депутат Улукбек Ормонов маселе таксисттердин салык төлөбөй жатканында эмес, "Яндекстин" өзү салык төкпөстөн иш алып барып жатканында экендигин айтып чыкты.
"Маселе "Яндекс" компаниясы салык төлөбөй жаткандыгында. Силер электрондук патент албаган айдоочуларды тиркемеге каттабайбыз деди деп кайра эле биздин жарандарга төлөткөнү жатпайсыңарбы. Өзүбүздүн такси кызматындагы жарандар күнүгө банкка барып акча төгүп жатышат. "Яндекс" болсо бир тыйын төлөбөйт. Алар өлкөдөн миллиондогон акчаларды алып кетип жатат. Алар мобилдик тиркемеси аркылуу 5000ге жакын таксистти алган.
Туура, компаниянын мобилдик тиркемеси абдан ыңгайлуу. Эл үчүн дагы бир топ жеңилдик түзөт. Бирок аларды да салык төлөөгө милдеттендирүү керек. 5000 таксисттин төккөн салыгын эсептесеңер, миллиарддаган сомго жетпейби?
Эгер компания өлкө аймагында өзүнүн өкүлчүлүгүн ачпаса аны жабыш керек", - деди депутат.