Биз социалдык тармакта

"Кыргыз темир жолу" ишканасы менен Кытайдын темир жол компаниясы кызматташат

"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик компаниясы менен Кытай темир жолдору №3 инженердик корпорациясы кызматташуу меморандумуна кол коюшту. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул документ "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын стратегиялык өнүгүү планын ишке ашыруу, Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолун куруу жана Луговая-Балыкчы темир жолун электрлештирүү боюнча инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу максатында кол коюлган.

"Жакын арада бул кытайлык компаниянын өкүлчүлүгүнүн делегациясы Кыргыз өлкөсүнө келип, жогоруда аталган долбоорлорду практикалык ишке ашыруу боюнча кеңири талкуу жүргүзүшү күтүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан