Биз социалдык тармакта

Бир айылдан болушат. Аксыда эгиз жигиттер эгиздерге баш кошту

Аксы районунун Кашка-Суу айыл аймагында эгиздер Жаныш менен Байыш айылдаштары Апал менен Үпөлгө баш кошушту. Жаш жубайлардын үйлөнүү үлпөт тою Кербендеги тойканалардын биринде өткөн. Бул тууралуу SUPER.KG порталына эгиз кыздардын жеңеси Бегимай Ниязбекова билдирди.

"Кайын сиңдилерим үй-бүлөдө эң кенжелерибиз эле. Экөө тең Майлуу-Суудагы медициналык колледжде окуп, билим алышты. Күйөө балдарыбыз деле өзүбүз жактан. Бир айыл өкмөттөбүз, бирок эки башка айылда, ошентсе деле бир мектепте окушкан.

Бир тойдо таанышып, сүйлөшүп калышкан экен. 3 жыл кыз-жигит болушуп, анан мынтип баш кошуп отурушат. Өздөрү сүйлөшүп, табышкан үчүн ата-энебиз деле баарына макул болду.

Азырынча төртөө тең эле айылда турушат. Кайын сиңдилерим 1999-жылы төрөлгөн, күйөө балдарыбыз 1997-жылкылар. Буга чейин биз жакта такыр мындай окуя болгон эмес экен, сүрөттөрүн интернетке жүктөсөк көптөр кызыгып, бакыт каалап жазып жатышат", - дейт Ниязбекова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
nunu77
2021-09-23 23:55:54
Бактылуу болгула эгиз козулар.
+21
Egizderim-baktim
2021-09-24 04:10:49
Бактынарды берсин Аллахым. Менин эгиз кыздарыма да эгиз куйоо балдарды насип кылсын.
+19
Luntik
2021-09-24 08:44:32
Бактылуу болушсун,туну адашып кетишпесин иши кылып)
+16
Birimdik5555
2021-09-24 09:50:17
Бактылуу болгула, эгиздеп сегиздеп кобойгуло
+6
TIMON_BERKOWITZ
2021-09-24 13:18:58
Бир куну койнундагы аялынын атын сураса эгизин аялы деп кой)))
0
zamir_kgz
2021-09-25 03:51:12
TIMON_BERKOWITZ,беймаани!
+1
Sara1993
2021-09-26 09:49:07
TIMON_BERKOWITZ,Бир жерден соссуз бир АКМАК чыгат деген тууура озу.Сага окшогондор же онолбойт же жоголбойт.
0
Nurtoruk
2021-09-24 16:31:46
бактылуу болгула Аксынын кайсы айылынан экен
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан