Биз социалдык тармакта

Депутат: "Баткенге өзгөчө макам берилгени менен таза суу жок"

Депутат Карамат Орозова Баткен шаарында дагы деле таза суу жок болуп жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 22-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Таза суу боюнча кандай долбоор келбесин биз колдоп келебиз. Бирок жыйынтыгы абдан начар болуп жатат. Бул тууралуу анализ кылуу керек. Баткен шаарында таза суу боюнча долбоор 2020-жылдын аягында бүтүп, суу чыгышы керек болчу. Мына 2021-жыл болду азыркыга чейин суу жок. Баткенге өзгөчө макам берилгенине карабай таза суу менен камсыз кылып бере албай жатабыз. Шаарда таза суу жок", - дейт депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан