Башкы прокурор Курманкул Зулушев "Спартак" стадионуна элди ким жана эмне үчүн чогултканы текшериле турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 22-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Депутат Дастан Бекешев "Спартак" стадионунда 17-сентябрда түшүнүксүз адамдар чогулушканын айтты. "Журналисттер алар жарандык кийимчен милиция кызматкерлери экенин айтышты. Ал жерде ким жана эмне үчүн чогулгандыгы тууралуу так маалымат жок”, - дейт эл өкүлү.
Зулушев бул маселе тактала турганын белгиледи.