
Бишкек-Дели багытындагы аба каттамдар кайрадан жанданды. "Манас" эл аралык аэропортунан кабарлашкандай, аба каттамдар чартердик негизде ишке ашырылат.
Каттамдар "Эйр Манас-2" авиакомпаниясы тарабынан аптанын шейшемби күндөрү аткарылат.
Буга чейин аталган авиакомпания Дели шаарына 2015-2018-жылдары каттамдарды аткарган.