ФЕТОнун Орто Азиядагы өкүлү катары айыпталып жаткан "Сапат" билим берүү мекемесинин башчысы Орхан Инанды тууралуу жаңы жагдайлар айтылды. Анын жактоочусу Таалайгүл Токтакуновага байланышканыбызда төмөнкүлөрдү билдирди.
"Орхан Инанды менен Түркиядагы жактоочу аркылуу байланыштым.
Ал 2010-жылы Кыргыз өлкөсүндөгү Түрк мамлекетинин элчилигине Түрк жарандыгынан баш тартуу боюнча арыз жазган. Бул жактан 2012-жылы жарандык алып жатканда ошол баш тартканы боюнча арызынын көчүрмөсү бар экен.
Биздин мамлекет эмне үчүн бул Түркиянын дагы жараны деп жатканы кызык болуп жатат?", - деп билдирди Токтакунова.
Орхан Инандынын жоголушу боюнча окуянын хронологиясы менен шилтеме аркылуу өтүп тааныша аласыз.