Биз социалдык тармакта

Ырчылар, акындар, актёрлор... Өлкөнүн маданият кызматкерлерине мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды (сүрөт)

Президент Садыр Жапаров республиканын маданий, интеллектуалдык жана руханий дараметин өнүктүрүүгө салым кошкон көп жылдык үзүрлүү эмгеги, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу бир катар маданият ишмерлерине мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, мамлекет башчысы куттуктоо сөзүндө көп жылдан бери өз тармактарында үзүрлүү иштеп, өлкөдө улуттук маданиятты жайылтууда адистердин жасаган эбегейсиз эмгегин белгиледи.

"Садыр Жапаров маданият ишмерлеринин өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымын жогору баалап, алардын улуттук баалуулуктарды жана каада-салттарды сактап, келечек муунга жеткиргени үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Президент өлкө жетекчилиги маданият чеберлерин бул багытта колдойт жана алардын чыгармачылык иштеринин жигердүү болушу үчүн зарыл нерселердин баарын жасайт деп ишендирди", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Mister-XXX
2021-09-22 23:23:15
Бир,эки адамды тааныбай турам.Татыктуу адамдар эле алган окшойт!Сыйлыгынар кут болсун!
+1
Aimani
2021-09-23 00:12:33
Замирбек Усонбаев ото картайып кетиптир.
+2
Nina.alex
2021-09-23 08:26:54
Айчуроктун бул жактагы суроту менен инстагы суротунун айырмасы асман менен жердей
-1
Marni
2021-09-23 12:25:07
Nina.alex, дейт Анжелика).
-1
ayzhan12
2021-09-23 13:26:14
Marni,
Ким өз маданиятын, искуствосун, чыгармачылыгын бакпаса, ал башка бирөөнүн армиясын багат
-1
alimbek94
2021-09-23 13:31:50
Marni,
Анжелика башка партиянын кишиси. Бул жакта жалаң эле Садыр Жапаровко добуш бергендер экен.
+2
Omyke
2021-09-23 13:17:35
Анжеликага жокко)
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан