Эркин күрөш боюнча Орусиянын Уфа шаарында өткөн жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда күмүш медалдын ээси Калмира Билимбек кызы кичи мекенине 100 миң сом өлчөмүндө материалдык жардам көрсөттү. Бул тууралуу ага байланышканыбызда билдирди.
"Биринчиден Ак-Талаа районунун Баетов айылында эң көйгөйлүү маселе таза суу жана электр жарыгы болуп саналат. Бул биздин дагы башыбыздан өткөн. Ошондуктан аз да болсо ата-энем менен бирге жардам берүүнү чечтик. Мындан ары дагы жардам кылууга аракет кылам", - деп билдирди Билимбек кызы.