Биз социалдык тармакта

Индияда өлтүрүлгөн 28 жаштагы кыргыз кызынын жана уулунун сөөгүн мекенине жөнөтүү маселеси каралууда

Индиянын Нью-Дели шаарында кыргыз кызы жана анын баласынын өлүмүнө байланыштуу каргашалуу окуя элчиликтин көзөмөлүндө. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Индиядагы элчилигинен билдиришти.
"Тергөөнүн версиясы боюнча, кылмыш ушул жылдын 20-сентябрынан 21-сентябрына караган түнү маркумдун досунун батиринде болгон.
Учурда кылмыш иши козголуп, тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, шектүүлөр Нью-Дели полициясы тарабынан суракка алынууда, кылмыштын күбөлөрүнүн чөйрөсү түзүлүп, видеобайкоо текшерилүүдө.
Каза болгондордун Индияда жашаган туугандары Кыргыз жаранын жана анын баласынын сөөгүн Кыргыз өлкөсүнүн аймагына коюуга макул болушкан.
Элчилик "Жүк-200дү" Бишкекке жөнөтүү маселеси менен иштеп жатат. Бул маселе элчиликтин өзгөчө көзөмөлүндө", - деп билдиришти элчиликтен.
Буга чейин Индиянын Нью-Дели шаарынын түштүк-чыгышындагы Какаджи районундагы үйлөрдүн биринен 28 жаштагы Мыскал Жумабаева аттуу кыргыз кыз менен анын бир жаштагы уулунун жансыз денеси табылганы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
MIRlan
2021-09-22 23:50:53
Илгер кыргыз, кыргызга башка улут тийишсе айрыйт эле, азыр үфф. Азыр уруу, урууга бөлүнүп атышатко кошуналар. Азыр бай адам бай менен достошот, азыр бирөө- бирөөнү уруп атса телефонуна тартат каяктагы лайк үчүн ж.б айта берсем адам уктайт. Кыяматка даярдангыла, бул болот, оңолгула.
+1
sainazarov0555
2021-09-23 10:57:59
MIRlan,Ооба, адамдар бири-бирине мээрими жок. кыяматтын белгилери да.
+1
Jaka1978
2021-09-23 12:42:30
Өтө өкүнүчтүү, ыйманы саламат болсун.Индуска тиймек турсун,жанынан корком....
0
nazira...
2021-09-23 19:16:23
Jaka1978,эмне күйөөсү индус бекен? Аларга көбүнесе өзбөктөр тийет эле го.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан