Бүткүл дүйнөлүк күрөш уюму кыргыз балбаны Эрназар Акматалиевдин Осло шаарында өтө турган Дүйнө чемпиондугуна 70 килограмм салмакта катыша тургандыгын белгиледи.
"Олимпиадага квалификация турниринде Азия чемпиону болгон Эрназар Акматалиев Кыргыз курамасы менен Дүйнө чемпиондугуна катышат. Ал 70 килограмм салмакта килемге чыгат. 9 күн калды", - деп жазылат уюмдун маалыматында.
Эрназар Акматалиев буга чейин мелдештерге 65 килограмм салмакта катышчу. Күрөш федерациясы Акматалиевдин Дүйнө чемпиондугуна 70 килограмм салмакта катыша тургандыгын жарыялаган.