Алдамчылыкка шектелип УКМК тарабынан кармалган экс-депутат Кубанычбек Нурматов 20-ноябрга чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы кабарлады.
"Биринчи Май райондук сотунун 2021-жылдын 22-сентябрындагы токтомуна ылайык, шектелүүчү К.С.Нурматовго карата бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу түрү 2021-жылдын 20-ноябрь күнүнө чейин тандалды жана ал Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө изоляторуна деп белгиленди", - деп жазылат билдирүүдө.
Кубанычбек Нурматов УКМК тарабынан 20-сентябрда кармалган. УКМК аны 2013-жылы Эсептөө палатасынын аудитору болуп турган учурда 500 миң доллардан ашык суммадагы кыймылсыз мүлктү алдамчылык менен алып алган деп кармаган.