Биз социалдык тармакта

Бүгүн улуттук филармониянын алды күндөгүдөн башкача. Ачык асман алдында эл аралык фестиваль өтөт (фото)

Бүгүн, 23-сентябрь күнү Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда дүйнө элдеринин эпосторунун VI эл аралык фестивалына даярдыктар башталууда.

Фестивалдын программасына ылайык, бүгүн саат 09:00дө окумуштуулардын катышуусу менен илимий-практикалык симпозиум, ал эми саат 16:00дө филармониянын алдында расмий ачылыш салтанаты өтөт.

Эске салсак, аталган фестиваль 2006-жылдан бери өткөрүлүп келет. Ал эми 2021-жылы өтүп жаткан фестивалды Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Манас жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясы жана "Арт Араба" коомдук фонду биргеликте өткөрүүдө.

Долбоор КМШга мүчө мамлекеттердин мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташтык фондунун кызматташтыгынын чегинде өтүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан