Биз социалдык тармакта

30-сентябрда Бишкектин айрым райондорунда ичүүчү суу берилбейт

30-сентябрь күнү Бишкек шаарынын айрым райондорунда таза суу болбойт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

"Бишкек суу канал" башкармалыгынын маалыматы боюнча, 30-сентябрда саат 09:00дөн 21:00гө чейин Бишкектин айрым райондорунда суу токтотулат.

"Сууну өчүрүү "Тоголок Молдо" суу алгычында оңдоо-профилактикалык иштерди жүргүзүүгө байланыштуу.
Панфилов, Фрунзе, Манас көчөлөрү жана темир жол линиясы чектешкен аймакта суу өчүрүлөт.
Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт жана шаар тургундарынан ичүүчү сууну камдап алууну суранат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан