
Бүгүн, 23-сентябрда Казакстандын Алматы облусундагы Тамгали Тас аймагында жайгашкан "Аскалуу шаар-Астана" машыгуу полигонунда "Kазспас-2021" аталышындагы куткаруу боюнча көп кырдуу мелдештин жана аскердик куткаруу триатлонунун салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдеш аскер бөлүктөрүнүн куткаруучулары арасында авариялык - куткаруу иштерин жүргүзүүнү жогорулатуу, авариялык - куткаруу каражаттарын жана технологиясын колдонууну мыктылап өздөштүрүү жана издөө-куткаруу иштерин жүргүзүү боюнча тажрыйба алмашуу максатында өткөрүлүүдө.
Аталган мелдеш үч багытта, тагыраагы "Техногендик кырсыктар шартында издөө-куткаруу иштери", "Акваторияда издөө-куткаруу иштери", "Табигый чөйрөдө издөө-куткаруу иштери" багыттарында өтөт.
Катышуучулардын ичинен куткаруучулар командалары жана аскер бөлүктөрүнүн куткаруучуларынын мыкты командалары аныкталат.
Мелдешке Кыргыз өлкөсүнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруу бөлүктөрүнөн жалпы сегиз куткаруучу катышууда.