Орусиянын Москва шаарында жол кырсыгынын кесепетинен 34 жаштагы Кыргыз жараны каза болду. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, каргашалуу жол кырсыгы Москва шаарындагы Липецкая көчөсүндө орун алган.
"Москва шаарынын Липецкая көчөсүндө катталган жол кырсыгынын кесепетинен 1987-жылы туулган А.К. аттуу Кыргыз жараны каза болду. Ал жолду туура эмес жерден кесип өткөндүктөн полиция кызматы иш козгогон жок.
Буга чейин ал курулуш тармагында иштеп келген. "Жүк-200" бүгүн мекенине жиберилиши керек. Элчиликтин консулдук бөлүмү керектүү документтер жагынан жардам көрсөтүүдө", - деп билдиришти элчиликтен.