Биз социалдык тармакта

Саламаттыкты сактоо министри: "Коронавируска каршы эмдөө албаган жаштар карыларга оору жугузгандардан болуп жатат"

"Коронавирус илдетин оңой эле жеңем деген айрым жаштар эмдөө албай, карыларга вирусту жугузуучулардан болуп калууда", - деп саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Биринчи радиого берген маегинде билдирди.

"Азыр көп студенттер ар кайсы аймактардан келип жатат. Биз алардын баарын эмдөөдөн өткөрүүгө аракет кылып жатабыз. Бирок айрым жаштар ооруну жеңил өткөрүп жиберебиз деген ой менен жоопкерчиликсиз мамиле кылып жатканы өкүндүрөт. Алар илдетти жеңил өткөргөнү менен ар кандай оорулары бар, улгайган адамдар арасында вирусту таратып жатат. Ал эми кары адамдар оору менен күрөшүүсү кыйынга турат", - деди министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан