Биз социалдык тармакта

Баткенде тажик тарап кармап кеткен окуучулар бошотулду

Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Жаштык айылындагы тажик тарап кармап кеткен эки мектеп окуучусу бошотулду. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев баштаган Баткен, Лейлек райондорунун акимдери жана облустук күч түзүмдөрүнүн жетекчилери Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Ражаббой Ахмадзода баштаган күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен жолугушкан.

"Жолугушууда кыргыз-тажик чек аралаш аймактарында орун алган окуялар боюнча талкуу жүрдү.

Сүйлөшүүнүн натыйжасында, Тажикстандын күч органдары тарабынан кармалган эки окуучу Лейлек районунун Жаштык айылынын тургундары бошотулду.

Мындан сырткары эки тарап орун алган окуяларды жөнгө салуу жана чек аралаш аймактарда коомдук-саясий абалды көзөмөлдөө, эки элдин ортосунда чыр-чатакка жол бербөө жана да социалдык баракчаларда чыгып жаткан чагымчыл маалыматтарды көзөмөлдөө боюнча макулдашты", - деп жазылат маалыматта.

Буга чейин Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Жаштык айылында эки мектеп окуучусун тажик тарап кечээ кармап кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
muku.85
2021-09-24 14:45:28
Кечээ кармап кетти деп айтпай атты эле го
+5
Jacob.
2021-09-24 14:48:09
Кечкеле таджиктер кармап кетебереби?
+5
Melis2014
2021-09-24 15:10:22
Тажиктерди биздикилер кармаган кун болот бекен
+6
bond02
2021-09-24 15:16:19
Кыргыздарды тоготпой оюна келгенди жасап жатышат да тажибайлар, бийликтегилерди вообще тоготпойт.
+4
Alfiya
2021-09-24 16:00:07
Бул шумшуктордун карапайым эли эмес эле бийликтегилери приказ менен тийишишет окшойт го. Качан болсо барымтага солдаттары алышат
+3
muslima-0788
2021-09-24 16:25:05
О дейбиз бу дейбиз го Садырдын боштугу эле.Атып олтурду,канча жолу тийишти андан бери.Ууунчукпайбыз го ото эле эстуу оешойбуз
+4
Dftyhbv
2021-09-24 17:40:45
Балдарды кенири кочогода чыгаргандан коркуп калдык бийлик тосуп бербесе болбойт минтип дагы канча жашайбыз балдарды майып кылып койсо ким жооп берет суйлошулор болуп жатат деп дагы кала берет азыр менде уч оспурум уулум бар качангачейин артынан журом ой берака тур ой нарака тур деп балакен ойноп кетип калат кичине кеч калса тажиктер кармап албадыбекен деп кыжалат болуп эми кочот окшойбуз эгер ушул корунуш боло берсе балдардын бактысы учун Бишкеке кетебиз тажап буттук бугунда учеба кылдылар кечке
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан