Биз социалдык тармакта

"Кумтөр": Төрөбай Зулпукаров 30-ноябрга чейин камакта калтырылды

УКМК тарабынан кармалган Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров 30-ноябрга чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Биринчи Май райондук сотунун 2021-жылдын 24-сентябрындагы токтомуна ылайык, шектелүүчү Т.З.Зулпукаровго карата мурда тандалган Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө изоляторуна камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасынын мөөнөтү 2021-жылдын 30-ноябрь күнүнө чейин узартылды", - деп жазылат билдирүүдө.

Ушул жылдын 31-май күнү Төрөбай Зулпукаров УКМКга суракка чакыртылган. Анда ал "Кумтөр" боюнча сурак бере турганы маалымдалып, сурактан соң камакка алынган болчу. 27-июлда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда "Кумтөр" иши боюнча Төрөбай Зулпукаровдун баш коргоо чарасы каралып, мөөнөтү узартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан