Биз социалдык тармакта

1-октябрдан тарта ИИМдин Ички аскер кызматкерлеринин маянасы 40 пайызга көбөйтүлөт

1-октябрдан тарта Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин аскер кызматкерлеринин айлык маянасы 40 пайызга жогорулатылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, тиешелүү токтомго Улукбек Марипов кол койду.

"Чечим социалдык кепилдиктерди камсыздоо, ошондой эле аскер кызматкерлерине кошумча стимул берүү максатында кабыл алынды" деп айтылат маалыматта.

Белгилесек, президент Садыр Жапаров ушул жылдын август айында Ички иштер министрлигинин аскер кызматкерлеринин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарасында 1-октябрдан тарта аталган категориядагы аскер кызматкерлеринин айлык маянасы 40 пайызга жогорулатыла тургандыгын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Dastanwanted
2021-09-24 20:10:14
Жакшы болуптур!
0
amirrus
2021-09-26 04:07:00
Мугалим медик тергечи окмоттун огой балдарыбы бул кызматтагылар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан