Биз социалдык тармакта

Актёр Марат Шаймухамедов 59 жашында мезгилсиз дүйнө салды

Кино жана театр актёру Марат Шаймухамедов 59 жаш курагында мезгилсиз дүйнө салды. Ал 24-сентябрда көз жумганын Муса Жангазиев атындагы куурчак театрынан кабарлашат.
Марат Шаймухамедов Ташкент шаарындагы театралдык институттун “Куурчак театрынын артисти” бөлүмүн аяктаган.
Эмгек жолун 1988-жылы Самарканд, Ташкент шаарларындагы театрларында баштап, Бишкектеги республикалык Муса Жангазиев атындагы куурчак театрына келген. Отуз жылдан ашык убакытта балдар үчүн көптөгөн спектаклдерде "Эң кыйын бала Федра", "Страустун балапанынын окуясы", "Теремок", "Хечо жалкоо жөнүндө", "Жаңгактын чыбыгы", "Аист балапаны жана Каракчы", "Сыйкырдуу чака", "Күндүн нуру" жана башкаларда ролдорду жараткан.

Ал жогорку категориядагы актёр, мамлекеттик сыйлыктардын ээси.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Марат Шаймухамедовдун дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
surgeon777
2021-09-25 15:15:30
Жаткан жери жайлуу болсун,жайы жаннаттан болсун..
+2
surgeon777
2021-09-25 15:21:10
Ушу куурчак театрына конул бурулбайт,бут эски,декорациясы да зданиеси да эски,бирок жокчулукка,аз айлыкка карабай жаркылдап иштеп жургон актер,актриса эже-байкелерге рахмат!
Окмоттон,маданият министрлигинен бир да жардам берилбейт,кесибин суйгондор гана иштеп журот.
Байкуш бул байке деле сыйлык албай кетти да...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан