Биз социалдык тармакта

"Төө-Ашуу" ашуусундагы жолду реконструкциялоого 165 миллион сом бөлүнгөн. Улукбек Марипов оңдоо иштери менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Бишкек-Ош жол тилкесиндеги "Төө-Ашуу" ашуусунун түштүк тарабында жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Учурда жол тилкесине асфальт-бетон төшөлүп жатканын министрлер кабинетинен кабарлашат.

"Курулуш иштери ушул жылдын октябрь айынын башында аяктайт. Ага республикалык бюджеттен 165 миллион сом каралган. Улукбек Марипов эл аралык транспорттук жолдун стратегиялык маанисин, анын өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө тийгизген таасирин белгилеп, курулуш иштерин өз убагында жана сапаттуу жыйынтыктоону тапшырды. Ал автомагистралда жол коопсуздугун камсыздоо зарылдыгын баса белгиледи", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан