Кыргыз өлкөсүнүн Пакистандагы элчиси Уланбек Тотуяев аталган республиканын тышкы иштер министринин орун басары менен жолукту. Тараптар кыргыз-пакистан эки тараптуу кызматташтыгынын бардык маселелерин талкуулаганын Тышкы иштер министрлигинен кабарлашат.
"Анын ичинде эки тараптуу өкмөттөр аралык комиссиянын отурумдарын, эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтеринин консультацияларын өткөрүү, жогорку билим берүү жаатындагы кызматташуу жана Пакистан медициналык комиссиясы тарабынан Кыргыз өлкөсүнүн бир катар медициналык жогорку окуу жайларын таануу жолдорун, түз аба каттамын ачуу маселелерин талкуулашты", - деп айтылат билдирүүдө.
