Биз социалдык тармакта

Кыргыз жигити эл аралык Хоккей федерациясынын вице-президенти болду

Кыргыз жигити Айваз Оморканов Хоккей боюнча эл аралык федерациянын Азия жана Океания боюнча вице-президенти болуп шайланды. Бул тууралуу спорттук уюмдун расмий сайтында жарыяланды.

Маалыматка ылайык, спорттук уюмдун жетекчилигине шайлоо Санкт-Петербургда өткөн.

Айваз Оморканов 1996-жыл Бишкек шаарында төрөлгөн. Ал эл аралык бизнес жана экономика боюнча Пекин университетинде эл аралык экономика багытында билим алган. Ошондой эле Кыргыз улуттук университетинде окуган.

Оморканов триатлет, триатлон боюнча Кыргыз өлкөсүнүн чемпиону, триатлон боюнча спорттун чебери.

Ал буга чейин Кыргыз өлкөсүнүн хоккей боюнча федерациясынын башкы катчысы жана коомчулук менен байланыш боюнча менеджери болуп иштеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Dembele84
2021-09-26 14:28:26
Жаш эле туруп коп жерде окуп иштеп коюптур,а менчи
+4
Kari
2021-09-27 06:59:11
Ийгилик,соонун кабар.
+2
suban78
2021-09-27 07:50:17
Азамат, кыргыз жигити. Ийгилик, ийгилик, ийгилик.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан