Тажик тарап кармап кеткен Баткен облусунун Лейлек районунун Жаштык айылынын тургунун кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталы президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө байланышканыбызда билдиришти.
Маалыматка ылайык, Баткен облусунун жана Тажикстандын Согди облусунун жетекчилиги телефон аркылуу сүйлөшкөнү белгилүү болду.
Белгилей кетсек, Тажикстандын атайын кызматы Лейлек районунун 26 жаштагы тургунун чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган деп кармаган.