Биз социалдык тармакта

Каракол ШИИБине кызматтык автоунаалар берилди

Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнө автоунаа тапшыруу боюнча салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Каракол ШИИБине кызматтык автоунаалар тапшырылды. Каракол шаарынын мэри Эрмат Жумаев, шаардык кеңештин төрагасы Турат Акимканов катышты. Аталган автоунаа коомдук коопсуздукту, тартипти сактоо жана кылмыштуулук менен күрөшүү үчүн берилди.

Каракол ШИИБинин башчысы Нурлан Абдыкеримов берилген автоунаа үчүн ыраазычылыгын билдирип, милиция кызматкерлери коомдук тартипти, коопсуздукту сактоо жана жарандардын укуктарын, эркиндиктерин коргоо боюнча алдыга коюлган тапшырмаларды аткарууда бардык күч-аракетин жумшап жаткандыгын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан