Биз социалдык тармакта

Бишкекте айрым мектептерде класстар коронавирус илдетине байланыштуу карантинге жабылды

Бишкекте айрым мектептерде класстар коронавирус илдетине байланыштуу карантинге жабылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Биринчи Май районундагы №48 мектепте бир класс, №70 мектепте 1 класс карантинге жабылган. Ал эми Ленин районунда №9 мектепте 2 класс, №13 мектепте бир клаас, №8 мектепте 1 класс жабылган.
Свердлов районунда №11 мектепте бир класс, №38 мектеп бир класс, №4 мектепте 3 класс, №65 мектепте бир класс, №66 мектепте 1 класс жабылган.
"Урматтуу ата-энелер! Эгерде балаңыз ооруп калса, аны мектепке же бала бакчага жөнөтпөңүз. Урматтуу жарандар! Эгерде сиз ооруп жатсаңыз, жумушка чыкпаңыз, бет кап кийиңиз, колуңузду тез-тез жууп туруңуз же антисептик колдонуп эмдөө алууңузду суранабыз. Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүз", - деп кайрылат шаардык мэрия.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
XATSAN125
2021-09-27 23:19:02
Каяктагы жомокту айта берет экенсинер да силер дагы Авганистанда вирустун В жок эле журушот.Биздикилер чымын олсо пил олду дешип
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан