27-сентябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 миллиард 279 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан кабарлайт."27-сентябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 миллиард 279 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 290 метр куб, агып чыгышы 107 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти мекемеден.
Ал эми былтыр, 2020-жылы дал ушул күнү 15 миллиард 191 миллион метр куб суу бар болгон.