Биз социалдык тармакта

Facebook компаниясы 2020-жылы Кыргыз өлкөсүндө 800дөн ашык фейк аккаунтка бөгөт койгон

Былтыр, 2020-жылы Facebook компаниясы Кыргыз өлкөсүндө 800дөн ашык фейк аккаунтка бөгөт койгон. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан Борбор Азиядагы интернетти башкаруу форумунда Элина Каракулова билдирди.

Анын айтымында, фейк маалыматтардын тарашы пандемиянын биринчи толкунунда, ошондой эле парламенттик жана президенттик шайлоолордо болгон.

"Биз фейк аккаунттар топторго байланганын жана алардын көбү шайлоо учурунда бир эмес, бир нече саясий күчтөрдү колдогонун билдик. Бул ошол эле фейк аккаунттарды бир нече талапкерлер же партиялар каржылап, колдонгонун көрсөтүп турат", - деди Каракулова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан