Биз социалдык тармакта

Бишкекте экспресс-маршруттук таксилерге өзүнчө тариф болбойт

Бишкекте экспресс-маршруттук таксилерге өзүнчө тариф болбойт. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда Бишкек шаардык кеңештин жыйынында мэриянын шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчиси Максат Нусувалиев билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаардык кеңештин токтомунда экспресс-маршруттук таксилерге тариф каралган эмес. "Экспресс-маршруттук таксилер 4 аялдамага токтошу керек. Бирок алар бардык аялдамага токтой беришет", - дейт Нусувалиев.

Ал маршруттук таксилердин бардыгында тариф бирдей болорун билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан