Бүгүн, 28-сентябрда Бишкек шаардык кеңештин жыйынында коомдук транспорттордогу жол киренин баасы боюнча маселе каралды.
Депутаттар токтомду колдошту. Жалпы 36 депутат катталып, 33 депутат "макул", экөө "каршы", бири добуш берүүдөн карманды.
Токтом 1-ноябрдан тарта күчүнө кирет.
Маршруттук таксилерге 15 сом, троллейбус, автобуска 11 сом тариф сунушталып жатат.