Биз социалдык тармакта

Орусия Канттагы авибазасын абадан коргонуу системалары менен бекемдейт

Орусия Кант шаарында жайгашкан авиабазасын абадан коргонуу системалары менен бекемдейт. Бул тууралуу Борбордук аскердик округунун командиринин орун басары Рустам Миннекаев орус басылмаларынын бирине берген маегинде айткан.

"Пландар азырынча аткарыла элек, бирок процессте", - деген ал.

Орусиянын коргоо министринин орун басары Николай Панков былтыр, 2020-жылдын 11-февралында Орусиянын Кыргыз өлкөсүндөгү авиабазасынын чыңдалганын жарыялаган. Анда Кант авиабазасына чалгындоочу дрондор жеткирилген. Учурда авиабазада Су-25 чабуулчу учактары жана Ми-8 тик учактары бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан