Биз социалдык тармакта

Чак түштө Жалал-Абадда катуу жер титиреди

Бүгүн, 29-сентябрь күнү саат 13:46да Жалал-Абад облусунда очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

"Саат 13:46да Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөө Сузак районунун Көк-Жаңгак, Михайловка, Сары-Булак айылдарында 4,5 балл, Жалал-Абад шаарында 3,5 баллга чейин сезилген", - деп билдиришти ӨКМдан.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
asefsa
2021-09-29 15:39:34
Ооба катуу титиреди, Аллахым боодо кырсыктан сактасын!
+4
nargiz-sa
2021-09-29 15:42:18
Ошто да бир топ эле билинди
+4
Mile
2021-09-29 17:57:48
Шаңгырап кетти го люстралар, Кудай сактасын
+2
Infiniti075
2021-09-29 20:29:34
Шамдан мурун Кадамжайда деле титиреди жер
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан